Centre National de la Recherche Scientifique et Technologique 1981-жылдан бери мүчө болуп саналат.
1949-жылы түзүлгөн, Centre National de la Recherche Scientifique et Technologique (CNRST) мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат. Ал орто жана жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министрлигине тиркелет. Анын максаттары төмөнкүлөр: улуттук илимий саясатты аныктоого жана ишке ашырууга салым кошуу; илимий-техникалык изилдөөлөрдүн программаларын иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө; илимий-техникалык информацияны жайылтууга; илим-изилдее менен иштеп чыгуунун ортосундагы байланышты камсыз кылуу; илимий-техникалык информациянын жугуртулушун камсыз кылуу жана илимий кызматкерлерди илимий жактан даярдоого катышуу. CNRST ишмердүүлүгү Буркино-Фасонун социалдык-экономикалык турмушунун көптөгөн маанилүү багыттарын камтыйт. CNRSTтин илимий ишмердүүлүгүн 4 институт жүргүзөт: Айлана-чөйрөнү жана айыл чарба илим изилдөө институту (INERA), Колдонмо илимдер жана технологиялык изилдөө институту (IRSAT), Саламаттык сактоо илимдери изилдөө институту (IRSS) жана Коом илимдери институту ( INSS).